Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

10:35 “Жарандар коррупцияга каршы” уюму шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанууну сунуш кылды


“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун башка бир катар коомдук бирикмелер, бейөкмөт уюмдар менен 16-декабрда өткөн шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзгөн. Анын жайынтыгы боюнча уюмдун байкоочулары тизмеде кеткен мүчүлүштүктөргө байланышутуу жер-жерлерде миңдеген шайлоочулар шайлоо жана шайлануу укугунан ажыраганын билдиришти. Байкоочулардын баамында, тизмеге байланыштуу чатактар негизинен Талас областында жана Бишкекте болду. Мындан тышкары, көз карандысыз байкоочулар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өздөрү жана алар жалдаган адамдар пачкалап бюллетендерди үкөккө ыргыткан учурлар болгонун айтышты. Мындай мыйзам бузуулар Жалалабат шаарында, Талас, Чүй областтарында жана Бишкекте кеңири орун алган. Мына ушундай жана элдерди ташуу сыяктуу көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу “Жарандар коорупцияга каршы” уюму Жогорку Кеңешке шайлоону мыйзамсыз деп таануу боюнча эл аралык байкоочуларга кайрылышты.(MSu)

XS
SM
MD
LG