Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

14:02 Бөкөнбаев айылында буулуп турган жол ачылды


Жолду тосуп турган 100гө жакын адам бир катар талаптарды коюп, алар эки-үч күндүн ичинде аткарылбаса кайрадан жол бууй тургандыгын билдиришти. Алар Тоң районунда эки шайлоо түйүнүндө иш алып барган комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоону, райондун шайлоо комиссиясынын курамын, райондук бийликти алмаштырууну, бюллетендерди унаа менен бирге ташыган райондун каржы бөлүмүнүн башчысын кызматтан алууну жана ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты. 16-декабарда 21:00 ченде Шорбулак, Төртгүл айылындагы шайлоо участкаларынын төрагалары, “Ак жол” партиясынын координаторлору жана жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү бюллетендерди алып чыгып, райондук шайлоо комиссиясына жеткирбей, жолдон райондун четиндеги автобазанын короосуна жашыруун алып келип отурганда кармалган. Кармалган машиналарда акталай бюллетендер табылган. Бюллетендер жана үч чакты машиненин номерлери табылган унаанын бирөө райондун акими Нуржановдун машинеси экени аныкталган. Бирок К.Нуржанов бюллтенедерге байланыштуу чатакка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG