Шайлоого байкоо салуу боюнча европалык түйүндүн (ЭНЭМО) байкоочулары БШКнын чечимдеринде кемчиликтер кеткенин, шайлоочуларга басым-кысым болгон учурлар байкалганын, мамлекеттик ММК баардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзбөгөнүн баса белгилешти. Эдил Байсалов шайлоодон мыйзамсыз четтетилгенин айтып, Шайлоо кодексинде бюллетень жашыруун документ экени белгиленген, бирок ал жерде документ көрсөтүлбөшү керек деген жобо жок экенине токтолушту. ЭНЭМОнун байкоочулар жарым пайыздык чекти өтө чоң деп баалашты. Жарым пайыздык чек маселеси БШКнын түшүндүрмөсү менен эмес, Шайлоо кодексине ылайык чечилиши керек, келечекте Кодекске добуш берген шайлоочулардын санынан улам бир эле жалпы улуттук чек каралган өзгөртүү киргизүү зарыл деген сыяктуу сунуштарын беришти. (EBM)