Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

16:30 К. Байболов: Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз


Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынан шайлоого барган Кубатбек Байболов “Азаттыкка” билдирди. Ал “Ата мекен” партиясына 50% добуш берилген күндө да шайлоонун жыйнытыгын тааныбай тургандыгын айтты. “Себеби, карапайым адамдардын конституциялык укугу тебеленди, болуп көрбөгөндөй ыплас технологиялар колдонулду”, дейт К. Байболов. Шайлоонун жүрүшүнө сын көз карашын “Азаттыкка” “Асаба” партиясынын тизмесинен шайлоого аттанган Дооронбек Садырбаев да билдирди. Анын айтымында, бул шайлоодогу мыйзам бузуулар кыргыз элинин, мамлекеттүүлүктүн келечегине, тамырына чабылган балта. “ Кечеңдеп барып жарыла турган бомба ташталып коюлду. Мындай шайлоо Акаевдин учурунда да болгон эмес. Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет дейт, бул жакшылыкка эмес, жамандыкка ташталган өтө жагымсыз кадам болду”, дейт Д. Садырбеков. Анткен менен, 16-декабрда өткөн шайлоо таза жана мыйзам чегинде өттү деген баасын ШКУнун жана КМШнын байкоочулары беришти.(MSu)

XS
SM
MD
LG