Бул тууралуу Европалык Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун шайлоого байкоо салуу миссиясынын бүгүнкү тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда 16-декабрдагы шайлоо жараяндары артка карай чегинүү катары бааланып, Кыргызстандагы добуш берүү жалпысынан тынч өткөнү менен бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгону белиленет. ЕККУнун байкоочулары добуштарды санап жадыбалга киргизүүдө айкындык ачыктык болбой калганын, ушундан улам шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк туулганын, атайын укугу жок адамдардын шайлоо участкаларында жүргөнүн, БШК айрым маанилүү талкууларды жабык өткөргөнүн, үгүт өнөктүгүндөгү тоскоолдуктарды, жаңыдан түзүлгөн "Ак жол" партиясынын пайдасына административдик ресурстардын колдонулганын баса белгилешүүдө. (EBM)