“Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда эртең алардын шайлоочулары Оштогу борбордук аянттагы акимияттын имаратынын алдында массалык митинг өткөрүшөт. Алар кечээки парламенттик шайлоодо ченемсиз администативдик ресурс колдонулганына, шайлоо жыйынтыктары кескин бурмаланганына, атуулдардын кадыр-баркына шек келген учурлар болгонуна нааразы болушууда. (EBM)