Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде КМШ байкоочулар миссиясы менен жолугушууда билдирди. Байкоочулар добуш берүүдө одоно мыйзам бузуулар болгон жок деп билдиришип, добуш берүүгө уруксаттын татаалдыгын башкы кемчилик катары аташты. Булардан айырмаланып, ЕККУнун байкоочулары Кыргызстандагы шайлоо эл аралык уюмдардын талаптарына жооп бербей калды деп билдирди. ЕККУ байкоочулары Кыргызстан 2005-жылкы шайлоодо жеткен өсүштү артка сүрүп салгандыгын белгиледи. (BuS)