Шайлоонун жыйынтыгына нааразы жаштар бүгүн саат 13.00дө Бишкектеги БШК имаратынын алдына каршылык иш-чарасына чогулган эле. Алар чогулаар замат тартип коргоо кызматкерлери мэрия митинг-пикет өткөрүүгө тыю салган деп жаштарды кармап кетти. Бирок ошол эле учурда мэриянын чечими боюнча эски аянтта массалык иш чараларды өткөрүүгө улуксат берилген.Учурда милиция акция катышуучуларын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып жөнөдү. (EKa )