Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча кырдаал райондук акимиаттын алдына чогулган 200дөй киши “Атамекенчилерге” прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты уккандан кийин курчуп кеткен. 16-декабрда шайлоо бюллетендерин бурмалоого аракет кылган комиссия мүчөлөрүн "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрү кармап алган эле. Чогулган эл акимиаттын имаратына кирүүгө аракет жасоодо. Милиция чогулган элди имаратка киргизбей, ушул тапта тирешүү болуп жатканы кабарланды. Ал эми райондун акими Курманбек Уржанов элге чыгып, кызматынан кеткендигин билдиргени да пайда бербей жатат. (ZKo)