Облустук шайлоо комиссиясынын алдындагы нааразылык акциясынан таркаган “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү облустук бийликтин маңдайында бир саатка жакын турушту. Алар акцияга адам ташып келаткан автоунааларды бошотуп берүүнү талап кылышты. Бул тууралу партиянын облустук штабынын башчысы Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында МАИ кызматы үч автоунааны токтотуп, экөөсүн Сузак районуна, бирөөсүн Жалалабат шаарына алып кетишкен. Облустук бийликтегилер мас болгону үчүн бир автоунаа кармалганын, айдоочусу түшүнүк кат жазып бергенден кийин автоунаа кайра берилгенин, бийлик алдында 35 адам турганын билдиришти. (YA)