Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

18:40 Бөкөнбаев айылында жол кайрадан буулду


Тоң райондук администрациясынын алдына чогулган эл ал жерден тарап, кайрадан жолду бууду. Алар кечээки коюлган талаптарды кайрадан коюшту. Кечээ Тоң районунда эки шайлоо түйүнүндө иш алып барган комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоону, райондун шайлоо комиссиясынын курамын, райондук бийликти алмаштырууну, бюллетендерди унаа менен бирге ташыган райондун каржы бөлүмүнүн башчысын кызматтан алууну жана ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышып, аткарылбаса кайрадан жол бууй тургандыгын билдиришкен эле. Бул талаптарга бүгүн райондук прокурорду кызматтан кетирүү талабы кошулду. Анткени бүгүн райондук прокуратура тарабынан “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери тарабынан шайлоо комиссиясынын иши үзгүлтүккө учурады деп, кылмыш ишин козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG