Аун Сан Су Чжи АКШ Конгрессинин Алтын медалы менен сыйланды. Мындай чечимди Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы бир добуштан колдоду. Аун Сан Су Чжини Мьянманын азыркы аскерий бийлиги үй камагында кармоодо. Быйыл күздө Мьянмада аскерий бийликке каршы өткөн ири демонстрациялар күч менен басылган болчу. Бул өлкөдө атуулдардын саясий эркиндиктери акыркы жыйырма жылдан бери басмырланып келүүдө.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага