Кондализа Райс оболу Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында болуп, андан соң Багдадга жөнөп кетти. Өз иш сапары учурунда ал ирак бийликтерин улуттук элдешүү жараянын тездетүүгө чакырары күтүлгөн. Киркукта Кондолиза Райс провинция жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.