Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Украинанын парламенти Юлия Тимошенкону премьер- министриликке бекитти


Бүгүнкү добуш берүү электрондук ыкма эмес, кол көтөрүү аркылуу жүргүзүлдү. Тимошенконун оппоненттери добуш берүүгө катышкан жок. Аны бул ирээт Жогорку Рададагы 450 депутаттын 226сы колдогон. Ал эми өткөн аптада анын премьер-министрликке шайланышы үчүн бир добуш жетпей калган эле. Муну менен Украинада биринчи ирээт өлкөнүн президенти, премьер- министри жана парламент төрагасы да 2004 –жылдагы "саргылт ыңкылапка" катышкан партиялардын өкүлдөрү болуп олтурат. Тимошенко мында үч жылча мурда өкмөт башчысы болуп кыска убакытка иштеген. Бирок, "саргылт ыңкылап" боюнча өнөктөштөрдүн коалициясы чачырап кеткен соң кызматтан бошотулган. Азыр алардын эки партиясы парламентте атаандаштарынан үч добуш артыкчылыкка ээ.

XS
SM
MD
LG