Бул тууралуу «Азаттыкка» партиянын өкүлү Нуржамал Байболова билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча 500 дөн ашык мыйзам бузуу катталды. Ушундай эле фактылар бардык аймактарда катталган жана аларды сотко берүү максатында бардык жерлерде юристтер иштеп жатышат деп билдирди Байболова. Мыйзамда сотко берүүгө шайлоодон кийинки үч күн чектелген.(BuS)