«Азаттыктын» аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, кечээ алар райондук администрацияга күч менен кирүү аракетин кылып, «Ата мекен» партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Эркин Алымбековдун катышуусундагы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн кийин аракеттер токтотулду. Нааразы тарап бийликтен Тоң районундагы үч участокто кайра шайлоону, райондун акимин кызматтан кетирүү жана райондук прокурор козгогон кылмыш ишин жокко чыгарууну талап кылышууда. Чырдын чыгышына Төртгүл, Шорбулак шайлоо түйүндөрүндө добуш берилген бюллетендер комиссия мүчөлөрүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда автобазанын имаратына негизсиз алып барылышы себеп болгон. Райондук прокурор бул факты боюнча шайлоого тоскоолдук кылды деп кылмыш ишин козголгондугу кабарланды. Нааразы шайлоочулар кечке жуук Балыкчы-Каракол автожолун тосуп туруп, мындан аркы аракеттерин жума күнү түштөн кийин акимиаттан жооп уккандан кийин аныктоо максатында тарап кетишти. (BuS)
08:47 Бөкөнбаев айылынын шайлоочулары курман айтка карата нааразылык чараларын убактылуу токтотушту