Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Түрк аскерлер тобу күрд козголоңчуларын үшүн алуу үчүн Ирактын түндүгүнө кирди


Бул тууралуу күрддөрдүн коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Жаббар Явар билдирди. Анын айтымында, ушул тапта белгисиз сандагы түрк аскерлери аймактан чыгып кетишти. Рейтер агенттигинин ирактык расмий өкүлгө шилтеме берип билдиргенине караганда, чек арадан 3 чакырымча илгeри 300дөй аскер кирген. Алардын күрд согушкерлери менен кагылышкандыгы тууралуу маалымат жок. Анын аралыгында, Ирактын түндүгүндөгү күрд лидерлеринин бири Массуд Барзани түрк аскерлери Ирак өкмөтүнүн уруксаты менен бул аймакка кирген деп билдирди. Ирак тараптын маалыматына караганда, өткөн дем алыш күндөрү Түркиянын авиациясы күрд согушкерлери жашырынып жүрүшү ыктымал деген аймактарды бомбалаган учурда бир аял каза тапты.

XS
SM
MD
LG