Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

09:45 Кыргызстан мусулмандары Курбан айт намазын окушту


Курбан айт намазынын алдынан өлкө муфтийи Муратаалы ажы Жуманов баштаган бир топ диний жана бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алардын арасында вице-премьер-министр Нур уулу Досбоол, Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий өкүлү Шамсуддин Үнал болушту. Муратаалы ажы Жуманов Курбан айт майрамында намазды аянтта окууга уруксат берген мэрияга, аны теле-радиодо түз ободо чагылдырган Улуттук Биринчи каналга, коопсуздукту камсыз кылган тиртипти коргоо жана күч органдарына ыраазычылыгын билдирди. Анын ишениминде, “Кыргызстан дин эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда турат”. Баш калаада окулган Курбан айт намазына, Бишкек казыятынын маалыматына ылайык, 100 миңдей адам келди. (TD)

XS
SM
MD
LG