Облустук ИИБнын маалыматы боюнча Хизб-ут-тахрир партиясынын өкүлдөрү Бобур атындагы өзбек драма театрынын жанына чогулушуп, ал жерден элге лотерея жана тамак таратууга аракет кылышкан. Мындан тышкары алар кишилер өтүүчү жолду жаап алышкан, хизбутчуларга бир нече жолу эскертүү берилгени таасир этпей, каршылык көрсөтүштү, деп билдирет милиция. Натыйжада отузга чукул адам кармалып, облустук ИИБга апкелинген.
Ал эми бейөкмөт уюмдардан алынган маалымат боюнча Бобур театрынын алдында элге тамак таратуу тууралуу уруксат сураган арыз шаардык мэрияга келип түшүп, бирок мэрия уруксат берген эмес. (ZKo)
Ал эми бейөкмөт уюмдардан алынган маалымат боюнча Бобур театрынын алдында элге тамак таратуу тууралуу уруксат сураган арыз шаардык мэрияга келип түшүп, бирок мэрия уруксат берген эмес. (ZKo)