Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

17:22 Оштогу “ата мекенчилер” ачкачылык акциясын эртең райондордо да өткөрө башташат


“Ата Мекен” партиясынын Ош облусу боюнча координатору Бакыт Калпетов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, ачкачылык кармап олтургандардын айрымдары “Курман айтта куран окуталы” деп, үйлөрүнө тарап кетишти. “Ушул тапта партиянын шаардык жана облусттук штабдарында жалпысынан 40 жакын киши олтурат. Эртеңден тарта аларга райондордон да адамдар кошулат”, - деди Б.Калпетов. Азырынча жергиликтүү бийликтердин расмий өкүлдөрүнөн эч ким алар менен жолугуша электиги кабарланды. Ачкачылык жарыялаган “ата мекенчилердин” ишениминде, 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары орой бурмаланган. Алар облусттагы ар бир райондогу шайлоо комиссияларында мыйзам бузууларга жол бергендерди сот жообуна тартууну талап кылышууда. Оштогу ачкачылык акциясы кечээ башталган. (TD)

XS
SM
MD
LG