Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

08:37 Кечээ Улуттук телеканалда «Ыңгайсыз суроолор» чыкпай калды


«Азаттык» үналгысы менен Улуттук телеканалдын ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде көрсөтүлүп келаткан «Ыңгайсыз суроолор» программасы кечээ эфирге чыкпай калды. Буга Улуттук телеканалдын телепрограмманы көрсөтүүгө уруксат бербей коюшу себеп болду. Бул биргелешкен кызматташтыктагы алгачкы факт болууда. УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимканов бүгүн кечинде «Ыңгайсыз суроого» эфир берүүнү убада кылды.
УТРК менен «Азаттыктын» биргелешкен «Ыңгайсыз суроолор» долбоору боюнча келишим 2005-жылдын майында кабыл алынып, жыл сайын узартылып келатат. Белгилеп койчу жагы – келишимде «Ыңгайсыз суроого» карама-каршы көз караштагы эки адамды сөзсүз чакыруу керек деп көрсөтүлгөн эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG