Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында айтылды. Анын ичинен 16-декабрда, добуш берүү күнү 26 арыз түшкөн. Арыздардын көпчүлүгү шайлоочулардын тизмеси, үгүт кампаниясынын жүрүшүнө байланыштуу болгон. Алар маанисине жараша бөлүштүрүлүп, бир тобу Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Бирок Башкы прокуратурадан бир да жооп боло элек, деп белгиледи БШКнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Акматов. (AiT)