Аларга азыркы тапта депутаттык мандат тапшырылышы күтүлүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы 16-декабрда болгон мөөнөтүнөн мурунку парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бүгүн расмий түрдө жарыялады. Ага ылайык «Ак жол» партиясы 71 депутаттык орунга, СДПК 11, ал эми Исхак Масалиев жетектеген коммунисттик партия 8 депутаттык орунга ээ болду. «Атамекен» партиясы Ош шаарында 0.5% тосмону ашып өткөн жок деп, парламентке киргизилген жок. (AiT)