Шайлоодогу бурмалоолорго нааразы жаштар бүгүн түштө Бишкектеги УТРК имаратынын алдына чогулушат. Жаштар биринчи каналдын бир беткей маалымат берип, шайлоонун жүрүшүн ачык чагылдырбаганын сынга алышат. Бул чакан акциядан соң алар БШК алдына барышат. 18-декабрда “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары камакка алынып, аларга административдик тартипти бузду деген кине коюлган. Аты-жөнү такталган соң он тогуз адам бошотулуп, алар үстүнөн сот иши эртең Биринчи май райондук сотунда каралмак.
(EKa)
(EKa)