Муну менен алардын конституциялык укугу бузулууда, деп билдирди президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун. Анын пикиринде, милициянын мындай аракеттерге баруусуна Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун демилгеси менен шаардык кеңештин митинг, пикеттерди чектеген токтому себеп болуп калды. Шаардык кеңештин ал токтому Кыргызстандын конституциясына каршы келет.Бул маселени президентке жеткирүүгө аракеттенем, деп белгиледи Турсунбек Акун.(AiT)