Ал шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда «Атамекен» партиясынын добушу уурдалып, партия парламентке жолотулбаганын билдирди. «Кыргызстанда диктатура, авторитаризмдин орношуна жол бербейбиз»,-деген Текебаев күрөштө бирге болууга тарапкерлерин чакырды. Митингиге 100 тегерегинде киши катышууда. Биринчи май райондук акими паркка келип, митингдин мыйзамсыз экендигин Өмүрбек Текебаевге эскертти. Учурда митинг уланууда. (AiT)