Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

18:13 Нарында эки шайлоо участогунан “Ак Жол” партиясына добуштар жасалма кошулганы аныкталды


Нарын районундагы №40, 42 шайлоо участкасында “Ак жол” партиясына 19 бюллетень ашыкча кошулганы айгине болду. Мындай маалыматты бүгүн Нарын шаарындагы “Тынчтык” коомдук уюмунун узак мөөнөттөгү байкоочусу Уулкан Аттокурова билдирди. Шайлоо күнү Нарын районундагы бир катар айылдарда болуп байкоочу №40-42 Кызылжылдыз шайлоо участкасында добуштарды эсептөөгө катышкан. Эсептөө аяктагандан кийин байкоочунун талабы менен кайра саноо жүргүзүлгөндө 19 бюллетень “Ак жол” партиясына кошулгандыгы аныкталган. Бюллетендердин ону “Ата мекенге” таандык болгон. Ошондой эле актай бюллетенден “Ак жол” партиясына кошулгандыгы табылган. Мындан сырткары баарына каршы 4 бюллетень дагы жогорудагы бюллетендердин арасынан чыккан. (KUs)

XS
SM
MD
LG