Нааразылык акциялары Чүйдүн дээрлик баардык аймагында болду. Сокулукта чогулган эл райондун акими Болоткан Кумаровдун кетүүсүн талап кылды. Себеби шайлоодо административдик ресурстар колдонулуп, арбын мыйзам бузууларга жол берилген. Бирок аким чогулгандар менен жолуккан жок. Акимдин биринчи орун басары Анарбек Дөөлаталиев митингчилердин койгон дооматтары далилсиз деп белгиледи. Каршылык акциясына чыккандарды Москва районунда акимчиликтин алдына жолотушкан жок. Кемин районунда болсо сегиз адам мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштады. (JJ)