Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

10:00 “Мен ишенбейм..” иш-чарасынын камактагы катышуучулары күчтөп коомдук ишке салынууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында Биринчи Май райондук ИИБнын убактылуу абагында беш-жети күндүк камакта жаткан жаштарды милиция кар күрөөгө мажбурлаган. “Бул деген –аларга кошумча берилген жаза. Бул –мыйзамсыз. Ошондуктан, мен Бишкек шаардык ИИБнын башкарма орун басары Таалайбек Дегенбаевге мындайды токтотуусун талап кылдым. Тынч пикет-митинг өткөрбөө тууралуу шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу боюнча президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов менен сүйлөшүп атам,” дейт Турсунбек Акун.
“Мен ишенбейм..” нааразылык акциясынын катышуучуларын 20-декабрда БШКнын имаратынын алдынан милиция кармаган. Биринчи Май райондук соту алардын айрымдарын беш күндүк, кээ бирлерин жети күндүк камакка кескен. Үч кишиге 500 сомдон айыппул салынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG