Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

11:10 Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жана БШКнын чечимине нааразы болгон он төрт аял “Ата Мекен” партиясынын шаардык штабында ачкачылык кармашууда. Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, БШКдан кайра баштан шайлоо өткөрүүнү же добуштарды кайрадан саноону талап кылышууда. Акциянын катышуучусу Асия Сасыкбаева шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдогон бардык тарапкерлерине ыраазылык билдирип, шайлоочулардын добушун коргоо максатында аягына чейин турушарын “Азаттыкка” билдирди.
“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого барган бир нече аялдар баштаган ачкачылык чарасы 20-декабрда башталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG