Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен болгон жолугушуусунда ЕӨБнын Кыргызстандагы өкүлү Кенжи Наказава билдирди. Эднан Карабаев тышкы иштер министрлиги өлкөнү өнүктүрүү үчүн түзүлгөн программа боюнча транспорт-байланыш, каржы-банк тармактарындагы долбоорлорун ишке ашыруусуна эл аралык уюмдарга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди, деп кабарлайт ТИМдин маалымат кызматы. (ZKo)