Мындай билдирүүнү ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана “Алейне”, “БИОМ” деп аталган экологиялык коомдук уюмдар таратты. Алар Ош шаардык жетекчилигинин демилгеси менен Сулайман тоого курулуп жаткан асма жолдун курулушун токтотууну талап кылып, коомчулукту буга кайдыгер карабоого чакырышууда. Билдирүүдө айтылгандай Сулайман тоо эл аралык деңгээлдеги тарыхый-маданий баалуулукка ээ. Ошондуктан ал тиешелүү талаптарга ылайык коргоого алынууга тийиш.
Кыргызстандан ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган эстеликтердин катарында Саймалуу-Таш, Шах-Фазиль (Сафид Булан), Сулайман тоо, Чолпон ата, Бурана жана Өзгөн мунарасы бар. (ZKo)
Кыргызстандан ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган эстеликтердин катарында Саймалуу-Таш, Шах-Фазиль (Сафид Булан), Сулайман тоо, Чолпон ата, Бурана жана Өзгөн мунарасы бар. (ZKo)