Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

14:40 “Ар-Намыс”: Укук коргоочулардын жана жаштардын камалышына байланыштуу “улуттун атасынан” “мээрим” күтпөй эле коюуга болот


Мындай маанидеги билдирүүнү бүгүн “Ар-Намыс” партиясынын саясий кеңеши таратты. Анда “Мен ишенбейм..” нааразылык чарасынын ушул тапта камакта жаткан катышуучуларынын мыйзамсыз соттолушу кескин сынга алынып, камактагылардын тез арада бошотулуусу талап кылынган. Ошондой эле билдирүүдө минтип камоо менен жарандык саясий баш ийбөөнүн бардык түрүн муунтууга аракеттер болуп жаткандыгы белгиленип, буга карата президенттен оң мамиле күтүлбөй калгандыгы айтылган: “Эми үмүт парламентке калды. “Акжолчулар” бийлик үчүн эмес, элдин татыктуу жашоосу үчүн күрөшкөндүгүн” көрсөтө турган убакыт келди,” деп айтылат билдирүүдө. “Ар-Намыс” партиясы өлкөдө демократиялык баалуулукту карманган жаштардын бар болушу –Кыргызстандын келечеги бар экендигин көрсөтөт, деген ишеничте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG