“Мен ишенбейм..” нааразылык чарасынын катышуучусу катары жети күндүк камакка кесилген Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча алар бүгүн түштө Бишкек шаардык ИИБнын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кабыл алуусунда болушкан. Конгантиев акциянын он үч катышуучусун камакка алуу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун 20-декабрдагы чечимин бүгүн берген. Төлөйкан Исмаилова камакка алынгандар “Эркиндик” эстелигинин жанынан кармалып кеткенден тарта жалаң кыйноонун үстүндө болгондугун, айрым ден-соолугу начарлаган адамдарга догдур чакыруу тууралуу өтүнүчү өтө кеч аткарылгандыгын кошумчалады. (ZKo)
18:15 Төлөйкан Исмаилова: Бизди камоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечими колубузга бүгүн тийди