Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

20:50 “Ата мекен” партиясынын Оштогу тарапкерлери сот чечимин күтүп жатышат


ОШ. “Ата мекен” партиясынын Ош облустук штабынын башчысы Мырзабек Акматовдун айтымында, 17-декабрда ачкачылык жарыялаган 200 чакты атамекенчилер кечээ акцияны убактылуу токтотушту. Нааразычылык иш чарасына катышкандардын ынанымында сот борбордук шайлоо комиссиясынын бурмаланган чечимин жокко чыгарат деген чоң үмүт бар. Учурда “Ата мекендин” миңдеген жактоочулары Бишкектин 1-Май райондук сотун ишти кароону 23-декабрга жылдырганына кыжаалат экендигин “Азаттыкка” тынбай чалып билдирип жатышат. Ошол эле учурда Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев 16-декабрдагы парламенттик шайлоо демократиялуу маанайда жүргөңдүгүн, ар кандай одоно мыйзам бузууларга бөгөт коюлгандыгын билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG