Бишкектеги Биринчи Май райондук соту партиянын арызын кароону улантты. Сотко “атамекенчилерден” тышкары бейөкмөт уюмдардын жана айрым саясий партиялардын өкүлдөрү да катышууда. “Ата Мекен” партиясы Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын 20-декабрда чыгарган №174 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арыз менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. (ZKo)