Бул тууралуу бүгүн «Сергий Радоженский жана Айкөл «Манас» фондунун башчысы Игорь Трофимов «Азаттыкка» маалымдады. Трофимов сотко Америкалык базаны Кыргызстан аймагына жайгаштыруу боюнча 2001-жылдын 4-декабрында кабыл алган өкмөттөр аралык макулдашууну жокко чыгарууну сурап сотко кайрылган. Жоопкер тараптын бири катары президент К. Бакиевди сотко катыштырууну камсыздоо тууралуу доогер тараптын сунушун канагаттандыруу тууралуу өткөн отурумда сот чечим кабыл алган. Трофимовдун пикирине караганда, эртең сотко президент өзү келиши күмөн, бирок, өкүлүн жибериши зарыл. (BuS)