Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

17:49 Ошто “ата мекенчилерди” шайлоонун оңдолгон протоколдоруна кол койдуртуу аракети болууда


Ош шаарында шайлоо комиссияларынын “Ата мекен” партиясына кирген мүчөлөргө шайлоонун оңдолгон протоколдоруна кол коюу сунуштары түшүүдө. Мындай демилгечилерди милиция кийимчен жарандар коштоп жүрүшөт. Бул туурасында “Азаттыкка” кабарлаган “Ата мекен” партиясынын республикалык штабынын мүчөсү Кадырбек Сарыков Ош шаарында ушундай аракеттерге улай "ата мекенчилерди" бийликтин “Ак жол” партиясына кошулууга үгүттөө, ага көнбөсө коркутуп-үркүтүү да болуп жаткандыгын кошумчалады. Ош шаардык шайлоо комиссиясы жана ички иштер башкармалыгы дагы экөө тең фактыны комментарийлөөдөн баш тартты. (АТо)

XS
SM
MD
LG