Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында өлүктүн алдында катылган эки бомбанын бири жарылып, мындан төрт адам набыт болгону кабарланууда. Ооган полициясы бул террорчулук үчүн талиб согушкерлери жооптуу деп билдирди. Ошондой эле Ооганстандын батышындагы Жалалалабад шаарында коопсуздук күчтөрү паранжасына бомба катып бараткан аялды кармалганын маалымдашты.