Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

07:55 Райондор аралык сот АКШ базасына байланышкан арызды кароону бүгүн улантат


Бул тууралуу “Азаттыкка” «Сергий Радоженский жана Айкөл «Манас» фондунун башчысы Игорь Трофимов билдирди. Ал сотко Америкалык базаны Кыргызстан аймагына жайгаштыруу боюнча 2001-жылдын 4-декабрында кабыл алган өкмөттөр аралык макулдашууну жокко чыгарууну сурап сотко кайрылган. Жоопкер тарап катары өкмөт жана президент тартылууда. Эсиңиздерге сала кетсек, соттун 5-декабрдагы отурмунда судья жоопкер катары президент К. Бакиевди сотко катыштырууну камсыздоо тууралуу доогердин жолдомосун кабыл алган. Бирок президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиев сот отурмуна президент да, анын өкүлү да келбейт деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эл аралык макулдашууларды жокко чыгаруу –бул соотун милдеттенмеси эмес, буга өкмөт жана парламент гана укуктуу. Сот бул доо арызды кабыл албашы керек эле, бирок кабыл алса, сот арызды кароого негиз жок деп сот жарянын токтотушу керек, дейт Бектур Зулпиев. (MSu)

XS
SM
MD
LG