Бул максатта учурда фракцияларда кеңеш жүрүп жатат. Төрага Адахан Мадумаровдун кечээ билдиргенине караганда, Жогорку Кеңеште 12 комитет болот. Алардын экөөнү башкаруу парламентте азчылыкты түзгөн Социал-демократтар жана Коммунисттер партияларына берилет. Калган он комитетти «Ак жол» сунуштаган депутаттар башкарат. Жогорку Кеңештин структурасы түзүлүп бүткөндөн кийин «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууга алынаары күтүлүүдө. (BuS)