Бүгүнкү күнү он төрт кыргыз жараны ар кыл айыптоолор менен коңшу мамлекетте камакта отурушат. Алардын дээрлик баары Казакстанга эмгек мигранты катары кеткен кыргыздар. Бул тууралуу президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирет. Буга чейин ал казак укук коргочулары менен сүйлөшүүлөр өткөрүп, бүгүн Турсунбек Акун камактагы кыргыздарды бошотуу үчүн Казакстанга жөнөп жатат. (EKa)