Кыргызстандагы 2007-жылдагы адам укугу жаатындагы абалга президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун ушундай баа берди. Укук коргочунун айтымында апрель митингисинен кийин абал чындап начарлай баштады. “Жарандардын эркин жыйналуу укугуна шек келтирилип, митинг-пикетке чыккандарды кууп таратуу, күч колдонуу орун алды. Бийликтин эң одоно аракети алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо болду. “ – дейт Турсунбек Акун. Өтүп бара жаткан жылы чектен чыккан көрүнүш катары ал миңдеген адамдардын шайлоо укугунун бузулушун белгиледи. (EKa)