Шайлоо комиссиясы Таксин Шинаватраны колдогон Элдик бийлик партиясы парламенттин төмөнкү палатасындагы 480 орундун 233үн алгандыгын бышыктады. Партия учурда майда партиялар менен коалиция түзүүгө аракет жасап жатат. Таиландга кайтып келүү нийетин билдирген Таксин бирок саясатка кайтпай тургандыгын айтууда.