Кезинде орус өкмөтүнүн вице-премьерлик кызматында иштеген, либералдык маанайдагы саясатчылардын бири Борис Немцов март айындагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын бүгүн жарыялады. Ал алдыдагы саясий өнөктүктү шайлоо эмес, "фарс" деп атаган. Борис Немцов ошондой эле жарыштан чегинүүсүнүн бир себебин демократиялык оппозиция алдыдагы шайлоого жалгыз гана талапкерди чыгаруусу керектигине байланыштырат. Бирок Немцов оппозициянын калган талапкерлери: Коммунистик партиянын лидери Геннадий Зюганов менен мурдагы премьер- министри Михаил Касьяновду бийликке бир нече талап коюуга чакырды. Шайлоо алдындагы өнөктүк демократиялык нукта өтүшүн камсыздоого багытталган ал талаптар арткарылбаса, Немцовдун көз карашында, калган талапкерлер да шайлоону бойкоттошу керек.