Бүгүн Улуттук кардиология жана терапия борборунда директорду шайлоо боюнча Окумуштуулар Кеңешинин жыйыны болуп, анда медицина илимдеринин доктору, илимге эмгек сиңирген ишмер Жумагулова Айнагүл бир добуштан борбордун директору болуп шайланды. Ага атаандаш болгон окумуштуу Акпай Сарыбаев өзүнүн талапкерлигин алып койду. Айнагүл Жумагулова академик Мирсаид Миррахимовдун окуучусу жана аны директор кызматына Миррахимовдун өзү көрсөткөн экен.(KCh)
18:28 Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп Жумагулова Айнагүл шайланды