Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:45

7:15 Көкбелдеги жер титирөөнүн кесепеттери иликтенүүдө


Алдан ала маалыматтарга караганда зилзаланын очогу болгон Ноокаттын Көкбел айылында турак жайларга өтө чоң коркунуч келтирилген жок. Айрым тамдардын, мектептердин шыптары түшүп, бурчтарынан жаракка кеткен. Бул тууралуу оперативдүү штабдын жетекчиси Пайзулла Кенжебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда жер титирөөнүн кесепеттерин атайын комиссия иликтөөдө. Кечээ саат 10:45те зилзаланын очогу Ош шаарынан 25 чакырым түштүк-чыгыш тараптагы Ноокат районунун Көкбел айылында болуп, күчү алты, алты жарым баллга чейин жеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG