Бул тууралуу Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен ооган президенти Хамид Карзайдын Исламабаддагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин маалым болду. Кабарларга ылайык, бир катар пикир келишпестиктерге карабастан эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу достук маанайда өттү.