Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

11:24 Ысыккөлдө райкеңештин төрагасы СДПнын тарапкери болгону үчүн куугунтукталууда


Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Рахатбек Ирсалиев билдирип, «шайлоо бүттү, азыр СДП, «Ак жол» Коммунисттер конструктивдүү иштөөнү каалап жатышканын, бирок ошол эле учурда Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы Карасартов СДПнын жактоочусу болгону үчүн куугунтукталып жатканын айтты. Анын айтымында, район акими президенттин атына жамынып алып, төраганы саясий көз карашынан улам кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга мажбурлап жатат. Премьер-министр Игорь Чудинов болсо депутаттын бул маселе боюнча сурросуна жооп берип жатып, «Ал киши ( райкеңештин төрагасы )мага телефон чалсын, мен маселени териштирем» деп билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG