Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

11:28 Парламент өкмөт түзүмүн азыркысындай калтырды


Жогорку Кеңеш өкмөттүн бүга чейинки түзүмүн күчүндө калтыруу боюнча премьер-министрдин сунушун колдоду. Бул маселени талкуулоо учурунда депутат Исхак Масалиев бул маселе боюнча чечим кабыл алууга каршы чыкты. Депутат парламент өкмөт түзүмүн мыйзамсыз карап жатканын, адегенде маселе күн тартибине киргизилип, анан каралышы керектигин, экинчиден өкмөт түзүмү мыйзам долбооруна добуш берүү аркылуу кабыл алынышы зарылдыгын, азыр болсо быйыл февралда үчүнчү чакырылыш тарабынан кабыл алынган мыйзам күчүндө экенин белгиледи. Исхак Масалиев ошондой эле мыйзам долбоору парламентке мамлекеттик тилде сунушталышы керектигин, ал расмий тилде гана сунушталганын билдирип, маселени кароону токтотууну сунуштады. Бирок мындай сунуш добушка коюлган жок. Ошол эле учурда депутат Хаджимурат Коркмазов сөздү токтотуп, добуш берүүгө киришүүнү сунуштап, аны көпчүлүк депутаттар колдоп жибершти. Ошентип өкмөт түзүмү боюнча маселе добушка коюлуп, азыркы түзүмдү күчүндө калтыруу боюнча премьер-министрдин сунушу колдоо тапты.(SM)

XS
SM
MD
LG